Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Сары-Булак айыл кеңеши

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы

2024-жылдын 19-апрели № 10/62

«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында мурунку Соң-Көл айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө

 

2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын  27-беренесине ылайык, АИД-3 КК долбоорунун алкагында айыл аймакта аткарылган иштери боюнча мурунку Соң-Көл айыл аймагынын АКИА  АК төрагасы А. Назаровдун маалымат-отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.      АИД-3 КК долбоорунун алкагында айыл аймакта аткарылган иштери боюнча мурунку Соң-Көл айыл аймагынын АКИА  АК төрагасы А. Назаровдун маалымат-отчету кабыл алынсын. 

2.      АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш-аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы

М. Асанбаевге тапшырылсын.  

3.      Токтомдун аткарылышынкөзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

А. Дүйшөнбек уулу