Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү отуруму

2024-жылдын 12-январы  № 5

Жекенди айылдык аймагынын 2024-2028-жылдарга өнүгүү планын бекитүү жөнүндө       

Жекенди айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айылдык аймагынын 2024-2028-жылдарга толукталып иштелип чыккан өнүгүү планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.

2. Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана айылдардын инфраструктурасын жогорулатуу, калктын турмуш тиричилик абалын жакшыртуу максатында иштелип чыккан өнүгүү планынын аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нишанбаевге жана аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кенешинин өнөр-жай курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Тажакматов Имамидинге тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов