Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү отуруму

2024-жылдын 12-январы  № 7

Жекенди айылдык аймагына атайын (экскаватор) техника алууга уруксат берүү жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагынын элинин суроо талаптарын канаатандыруу максатында айыл өкмөттүн менчигине атайын (экскаватор) техника алуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешини

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айыл өкмөтүнүн менчигине атайын (экскаватор) техника алуу боюнча Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин сунушу жактырылсын.

2.Жекенди айыл өкмөтүнүн менчигине атайын (экскаватор) техника алууга уруксат берилсин.

3. Атайын (экскаватор) техника алуу үчүн акча каражаты менен камсыз кылып берүү жагы Чоң-Алай өнүктүрүү фондунан суралсын.

4.Жекенди айылдык аймагына атайын (экскаватор) техника алуу үчүн долбоорун даярдап, тийиштүү документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдукалилов