ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 29-февралы № 9
Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га жер бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3.Тийиштүү документтерди бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Төрага | А.Абдукалилов |