Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

2024-жылдын 24-апрели № 15

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жекенди айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилбесин.

2.Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы А.Токтобековго жана Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге схемалык картага кол койбоо жагы тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик админситрациясына жөнөтүлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

А.Абдукалилов