Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын

II сессиясынын

 

2024-жылдын 06-марты № 2

 

“Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

               “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын жана “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү Кеңештердин иши жѳнүндѳгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген убактылуу Жобону жетекчиликке алып, ошондой эле Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген Жобону жана ошондой эле “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын II сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Боо-Терек айыл аймагынын “Боо-Терекайыл өкмөтү” мекемеси жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Оро айыл аймагынын “Оро айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук расмий (фирмалык) аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмот Кумуштакского айылного аймака”.

Кыскартылган расмий (фирмалык)  аталышы:

- Мамлекеттик тилде: “Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү” м-е.

- Расмий тилде: У-е “Айыл окмот Кумуштакского айылного аймака”.

2. Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Боо-Терек айыл аймагынын “Боо-Терек айыл өкмөтү” мекемеси жана Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Оро Айыл аймагынын “Оро айыл өкмөтү” мекемесин бириктирүү жолу менен жаңыдан кайра түзүлгөн “Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

3.«Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин (Жобосу тиркелет).

4. «Күмүштакайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Бакай-Ата району, Боо-Терек айылы, Ч.Сатаев көчөсү №143-үйү болуп аныкталсын.

5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Күмүштак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

 

А. Т. Мамыралиев

 

 

БЕКИТИЛДИ

Күмүштак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

2024-жылдын 06-марттагы №2

токтому менен

 

Өткөрүп берүү актысы 

 

Боо-Терек айылы

 

“06”-март 2024-ж.

 

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 21-февралындагы № Б-13/66 буйругу менен түзүлүп бекитилген төмөндөгү комиссия курамы:

С.Мамбетов – Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;

А.Сыдыков – Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Б.Калыбаев – Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы;

Г.Саманчиева – Бакай-Ата финансы башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөсү;

К.Бердалиев – Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Ш.Өзүбеков – Бакай-Ата райондук мамлекеттик архив бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Б.Жолдошбеков – МСК Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Н.Султанов – Бакай-Ата райондук статистика бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү;

Н.Исмаилова – Бакай-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, комиссиянын мүчөсү;

У.Э.Буланбеков – Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы;

З.М.Надырбаев – Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, төмөндөгүдөй Өткөрүп берүү актысын түздүк.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык аймагынын “Боо-Терек” айыл өкмөтү мекемеси менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айылдык аймагынын “Оро айыл өкмөтү” мекемеси бириктирүү жолу менен кайра түзүлгөн “Күмүштак айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине мекемелердин бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери боюнча укуктардын, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын баары өтөт жана укук улантуучу болуп эсептелинсин, атап айтканда:

Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:

1.1.Мекеменин уюштуруу документтерин.

1.2. Мекеменин балансындагы мүлккө болгон укуктарын ырастоочу документтер.

1.3. Мекеменин ички документтери жана отчетторун.

1.4. Бухгалтердик документтерин жана отчетторун (бухгалтердик баланстар, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган финансылык отчетко тиркемелер, финансылык отчеттун аныктыгын ырастаган аудитордук отчеттор, түшүндүрмө каттар).

1.5. Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген мекеменин иш кагаздарынын инвентаризациясы.

1.6. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен мекемелик документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.

Ушул өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.

Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.

Бул өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.

 

Тиркеме:_________ баракта.

 

С.Мамбетов –комиссиянын төрагасы;            _______________

А.Сыдыков –төрагасынын орун басары; _______________

Б.Калыбаев –комиссиянын катчысы;              _______________

Г.Саманчиева – комиссиянын мүчөсү; _______________

К.Бердалиев – комиссиянын мүчөсү; _______________

Ш.Өзүбеков – комиссиянын мүчөсү; _______________

Б.Жолдошбеков -  комиссиянын мүчөсү; _______________

Н.Султанов – комиссиянын мүчөсү; _______________

Н.Исмаилова – комиссиянын мүчөсү; _______________