Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма бешинчи сессиясы

2024-жылдын 26-апрели № 16

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жекенди айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан жаңыдан түзүлгөн Жекенди айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасы боюнча толук маалымат болбогондуна байланыштуу талкуулап Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан Жекенди айыл аймагынын жаңыдан түзүлгөн административтик чек арасынын схемалык картасын жана ага тиркелген чек ара баяндамасы боюнча толук маалымат берүү жагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

А.Абдукалилов