Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы № 1

Бириктирилген Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгына ылайык Үч-Төбө , “К.Белекбаев” атындагы айыл аймактары бириккендигин, катышкан 41 депуттын 21 добушуна ээ болгондугун белгилеп,бириктирилген Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Асантай уулу Акбий шайланды деп эсептелинсин.

 

2.Бириктирилген Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Койчиев Лунарбек шайлангандыгы белгиленсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

Асантай уулу А.