Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы № 2

«Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтомун жетекчиликке алып, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.«Үч-Төбө» жана «К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңештерин» бириктирүү жолу менен «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

  Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси;

- Расмий тилде: Учреждение «Айылный кенеш Уч-Добо-Алайского айылного аймака»

Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси.

- Расмий тилде: У-е «Айылный кенеш   Уч-Добо-Алайского айылного аймака».

 

2.«Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин.

 

3. «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин» Жобосу бекитилсин.

 

4. «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши» юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Сопу-Коргон айылы, М.Мамакова көчөсү № 15 болуп аныкталсын.

 

5. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.

 

6. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага:

Асантай уулу А.