Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы

2024-жылдын 19-апрели №10/64

«Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын жана тиешелүү Жоболорду бекитүү» жөнүндө

          Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси  жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарты бекитилсин.

2. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобо бекитилсин.

4. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө Жобо бекитилсин.

5. Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методологиясы жөнүндө Жобо бекитилсин.

7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

           8. Токтомдун аткарылышынкөзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Төрага:

А. Дүйшөнбек уулу