ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 5
«Үч-Төбө айыл өкмөтү» мекемеси менен «К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү» мекемесинин кошулуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтомун жетекчиликке алып, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Үч-Төбө” айыл өкмөтү» мекемеси менен «К.Белекбаев” атындагы Алай айыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жолу менен «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекмеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2.Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы «Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы Турганбаев Мустафа Жанибековичке жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Асантай уулу А. |