Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №10/65
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү айыл өкмөтүнүн балансасына
өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Административдик-аймактык реформанын алкагында бириктирилген айыл өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында муниципалдык менчигинде турган бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү кайрадан балансасына өткөрүп алууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Бириктирилген Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү кайрадан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик балансасына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы муниципалдык менчигинде турган бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн реестрин кайрадан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы «Муниципалдык менчикти эсепке алуу жана муниципалдык менчиктин обьекттеринин жана мүлкүнүн реестрин жүргүзүү жөнүндө» №608 токтому менен бекитилген Типтүү Жобонун негизинде түзүп чыгып, бекитирүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы К. Музуралиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Дүйшөнбек уулу |