Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели  № 6

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагына караштуу “Таза-Суу-Тазалык” жана “Сопу-Коргон тазалык” муниципалдык ишканалары жөнүндө

 

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-апрелиндеги№ 7 сунуш катынын негизинде “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы менен “Сопу-Коргон тазалык” муниципалдык ишканаларын бириктирип, кайрадан жаңы муниципалдык ишкана түзүү максатында Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 2-апрелиндеги №7 сунуш катынын негизинде урдагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы менен мурдагы “К.Белекбаев” атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу “Сопу-Коргон тазалык” муниципалдык ишканалары бириктирилип жаңыдан “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы болуп түзүлсүн жана штаттык бирдиктери сметанын негизинде бекитилсин.

 

2.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Таза-Суу-Тазалык” муниципалдык ишканасы Ош шаардык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.Жогорудагы аты аталган ишканалардын ээлигинде турган мүлктөрү,техникалары, каражаттары өткөрүп берүү актысынын негизинде жаңы түзүлгөн ишкананын карамагына өткөрүлүп берилсин

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Асантай уулу А.