Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы

2024-жылдын 19-апрели №10/66

Сары-Булак айылына таштанды төгүүгө жер аянтын бөлүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

  1. Сары-Булак айылынын «Жар-Таш» участкасынан таштанды төгүүгө жер аянтын бөлүүгө макулдук берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу менен мыйзам чегинде бөлүнгөн жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышынкөзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Төрага:

А. Дүйшөнбек уулу