Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели  № 8

Үч-Дөбө –Алай айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине жана жергиликтүү кеңештердин регламентине ылайык Үч-Дөбө–Алай аймагынын айылдык кенешиКыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине жана жергиликтүү кеңештердин регламентине ылайык Үч-Дөбө–Алай аймагынын айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кенешинин 2024-жылга түзүлгөн иш планы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, жергиликтүү кенештин компетенциясында белгиленгендей бекитилсин.

 

2.Жылдык иш планда көрсөтүлгөн иш чараларды аткарууну жетекчилике алуу жана анын аткарылышына камсыз кылуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге,мекеме жетекчилерге, тиешелүү кызматкерлерге,айыл башчыларга милдеттендирилсин.

 

3.Иш планда көрсөтүлгөн маселелер өз мезгилинде сессияга коюлуп,ырааттуулук менен өтүлүшүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин жоопту катчысына жүктөлсүн.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын

 

Төрага:

Асантай уулу А.