Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №10/67
Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагында каттуу тиричилик таштандыларды чыгаруунун жана таза-ичүүчү суунун баасын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, аталган бааны (тарифти) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагында ичүүчү таза-суунун баасы (тарифи) бир айга бир жан башына 25 (жыйырма беш) сомдом жана 43 (кырк үч) сом айыл өкмөтүнөн берилүү субсидияны кошуу менен жалпы 68 (алтымыш сегиз) сом өлчөмүндө, бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагында графике ылайык катту тиричилик таштандыларды чогултуп чыгаруунун баасы (тарифи) бир айга бир түтүнгө 100 (бир жүз) сомдон жана 45 (кырк беш) сом айыл өкмөтүнөн берилүү субсидияны кошуу менен жалпы 145 (бир жүз кырк беш) сом өлчөмүндө, ал эми курулуштан чыккан таштандылардын бир кубуна 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Дүйшөнбек уулу |