Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезексиз XXVIII сессиясы

 

2024– жылдын 16-февралы № 28-1

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан калдык болуп калган акча каражаттарын 2024-жылдын бюджетине киргизүү менен киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдан калдык болуп калган акча каражаттарын 2024-жылдын бюджетине киргизүү менен киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү” маселе боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-февралындагы отурумунун № 2-протоколун карап жана талкуулап токтом кылат:

           

Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 15-февралындагы отурумунун № 2-протоколунун чечими бекитилип:

 

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн негизги бюджетинин 2023-жылдан калдык болуп калган 13 069,5 миң сом акча каражаты, 2024-жылдын бюджетине 13069,5 миң сом киреше жана 13069,5 миң сом чыгаша болуп бекитилсин.

2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсебиндеги 2023-жылдан калдык болуп калган 359,4 миң сом акча каражаты, 2024-жылдын бюджетине 359,4 миң сом киреше жана 359,4 миң сом чыгаша болуп бекитилсин.

            3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча»  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова