Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели  № 11

Элдин жайлоого көчүп конуу жана кыштоого түшүү графиктерин белгилөө, бекитүү жөнүндө

 

Үч-Дөбө-Алай аймагынын айыл өкмөтүнүн элинин жайлоого көчүп конуу жана кыштоого түшүү графиктерин белгилөө,күзгү жана кышкы жайыттарды,айдоо аянттарын сактоо максатында Үч-Дөбө-Алай аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Айдоо аянттарын, күзгү жана кышкы жайыттарды сактоо үчүн айыл аймагындагы элдин төмөндөгүдөй көчүп конуу,кыштоого түшүү графиги бекитилсин:

 

1.Жайлоого көчүү графиги

№

Айылдын аталышы

                    Убактысы

1

Ак-Жай, Гежиге

5-15 майга чейин

2

Кичи-каракол

5-15 майга чейин

3

Чон-Каракол

15-25 майга чейин

4

Кызыл Алай

20-30 майга чейин

5

Ак-Босого

20-30 майга чейин

6

Аскалы,Таргалак

5-15 майга чейин

7

Терек,Сопу-Коргон

5-15 майга чейин

8

Көлдүк,Чий-Талаа,Жерге-Тал

5-20 майга чейин

 

Жайлоодон көчүп түшүү графиги

№

Айылдын аталышы

                    Убактысы

1

Ак-Жай, Гежиге

20-сентябрдан кийин

2

Кичи-каракол

20-сентябрдан кийин

3

Чон-Каракол

20-сентябрдан кийин

4

Кызыл Алай

10-сентябрдан кийин

5

Ак-Босого

10-сентябрдан кийин

6

Аскалы,Таргалак

15-сентябрдан кийин

7

Терек,Сопу-Коргон

15-сентябрдан кийин

8

Көлдүк,Чий-Талаа,Жерге-Тал

20-сентябрдан кийин

2.Жакынкы күзгү жана кышкы жайыттарды сактоо максатында башка райондордон же айыл өкмөттөрүнөн биздин тургундар аркылуу алынып келинген малдын баардык түрүнө Үч-Дөбө-Алай аймагынын өздүк жайыттарына жайылып багылуусуна тыюу салынгандыгын эскертүүнү жана алыскы Алай жайлоосуна түз айдалып кетүүсүнө көзомөлдүк кылууну айыл башчыларга милдеттендирилсин.

3.Элдин айдоо аянттарын,күзгү жана кышкы жайыттарды коргоо иретинде бекитилген графиктердин негизинде жайлоого малын чыгарбай элдин айдоо аянттпрына түшүргөн жарандарга укук коргоо органдары менен биргеликте Бузуулар Кодекси аркылуу чара көрүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.

Төрага:

Асантай уулу А.