Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели  № 12

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимди бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №7446 сандуу катын негиз кылып “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” келишимдин долбоорун угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишими бекитилсин.

 

2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Этика жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Асантай уулу А.