Редакцияот 13.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 3-апрели  №13

Бириккен айыл өкмөттөрүнүн сметасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. К.Белекбаев атындагы Алай жана Үч-Төбө айыл өкмөттөрүн бириктирүү жолу менен кайрадан Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөндүгүнө байланыштуу2024-жылдын 1-апрелине карата Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 45767,5 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 22949,9 миң сом, өздүккиреше 22817,6 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар 929,6 миң) сомболуп өткөндүгү белгиленсин.

 

2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата 2023-жылда пайдаланылбай калган 1815,8 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар эсебиндеги 12,7 миң сом калдык акча каражатын 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин жана жогорудагы акча каражатын Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизип берүү жагы Алай райондук Финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бириктирилген сметасында көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде жумшоо жана пайдалануу жагы Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге жана ФЭБнүн башчысы С.Карыбековго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана салык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Асантай уулу А.