Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезексиз XXVIII сессиясы

 

2024– жылдын 16-февралы № 28-2

 

Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2024-жыл ичинде кошумча түшкөн жана үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы, күн тартибиндеги: “Айылдык аймактагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө айыл өкмөтүнүн бюджетине 2024-жыл ичинде кошумча түшкөн жана үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндөгү” маселе боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 25-январындагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат: 

I. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 2024-жыл ичинде кошумча түшкөн жана үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен, төмөнкү иштердин аткарылышына акча каражаттары каржылансын:

1. Ишкаван айылындагы К.Маткеримов атындагы мектепке барчу Г.Камилов атындагы көчөнү асфальтоого – 2 000,0 миң сом;

2. М.Сабиров атындагы мектептин ажатканасын жана отказанын реконструкциялоого жана оңдоп түзөөгө – 1 500,0 миң сом;

3. Андижан айылы Курманжан Датка кичи көчөсүн асфальтоого - 700,0 миң сом:

4. КР нын Финансы Министрлигинин дем берүүчү (үлүштүк) грантына - 4 850,0 миң сом;

5. Кызыл-Кыштак айылындагы К.Сабиров көчөнү асфальтоого - 2 000,0 миң сом;

6. Сүрөттүү-Таш участкасы Сабиров П. көчөсүн асфальтоого - 1 000,0 миң сом;

7. Жаңы-Турмуш айылы “№ 85-участкасын” газдаштырууга – 850,0 миң сом;

9. Кызыл-Кыштак айылындагы Маматалиев көчөсүн асфальтоого - 1 000,0 миң сом;

8. Кызыл-Кыштак айылындагы Жупас-Хашимов көчөлөрүн асфальтоого – 1 000,0 миң сом;

10. Коммунист айылындагы көпүрөнүн курулушуна – 1 500,0 миң сом;

11. Керме-Тоо айылына спорт аянтчасынын курулушуна – 1 000,0 миң сом;

12. Кызыл-Кыштак айылындагы К.Сабиров көчөсүн газдаштырууга керектелүүчү материалдар үчүн – 1 000,0 миң сом;

13. Кызыл-Кыштак айылындагы ҮДТга – 1 000,0 миң сом;

14. Жаңы-Турмуш айылында арыктарын чыгарууга (отвод) – 100,0 миң сом;

15. Кызыл-Байрак айылына спорт зал курууга – 500,0 миң сом;

16. Ишкаван айылындагы тротуардын четине лотокторго – 800,0 миң сом;

17. Кызыл-Кыштак айылы Бостон спорт аянтчасына - 650,0 миң сом;

18. Айылдык кеңештин депутаттарынын ден-соолугун чыңдоосуна – 320,0 миң сом.

           

II. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн жүктөлсүн.

 

III. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова