КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезексиз XXVIII сессиясы
2024– жылдын 16-февралы № 28-3
Айылдык аймактагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө акча каражаттарын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы, күн тартибиндеги: “Айылдык аймактагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө акча каражаттарын ажыратуу жөнүндөгү” маселе боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-февралындагы отурумунун № 2-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
I. Кызыл-Кыштак айылдык аймагы Ош шаарына өтүп жатканына байланыштуу, айылдык аймактагы айылдардан, мектептерден, балдар бакчалардан, ФАП жана ҮДТдөн келген кайрылуулардагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө, Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы бардык субъектерден, айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн киреше акча каражаттардын эсебинен, төмөнкү иштердин аткарылышына каржылансын:
1. Жаңы-Турмуш айылы, Э.Рахманов кичи көчөсүн асфальтоого – 1000,0 миң сом;
2. Кызыл-Байрак айылы, Ж.Абылгазиев көчөсүн асфальтоого – 3000,0 миң сом;
3. Андижан айылы, Ж.Якубов көчөсүн асфальтоого – 1500,0 миң сом;
4. Ишкаван айылы, С.Жоробаев көчөсүн асфальтоого – 4000,0 миң сом;
5. Коммунист айылын борбордук көчөсүнө тротуар курууга – 3000,0 миң сом;
6. Керме-Тоо айылына спорт аянтча курууга – 3000,0 миң сом;
7. Кызыл-Кыштак айылы, Дөң көчөсүн асфальтоого – 4000,0 миң сом;
8. Сүрөттүү-Таш участкасындагы П.Сабиров көчөсүн асфальтоого – 1000,0 миң сом;
9. Кызыл-Кыштак айылы, Жупас көчөсүн асфальтоого – 3000,0 миң сом;
10. Кызыл-Кыштак айылы, К.Сабиров көчөлөрүн асфальтоого – 8000,0 миң сом;
11. Кызыл-Кыштак айылы, Мамажан көчөсүн асфальтоого – 2000,0 миң сом;
12. Жаңы-Турмуш айылы, У.Рахманов көчөсүндөгү суу скважинасын тосуу жана суу багын (ёмкость) орнотууга – 1000,0 миң сом;
13. Андижан айылы, Курманжан датка көчөсүнө (Айбек мектебинин тушуна) светофор орнотууга–1000,0 миң сом;
14. Ош – Коммунист жолун асфальтоого, темир бетон лотокторду жана түнкү жарыткычтарды орнотууга – 9000,0 миң сом;
15. Жаңы-Турмуш айылы, У.Рахманов жана Кызыл-Кыштак айылы М.Хошимов көчөлөрүнө темир-бетон лотокторун орнотууга – 400,0 миң сом;
16. Кызыл-Кыштак айылы, Беш-Кепе эки көчөсүн асфальтоого – 2000,0 миң сом;
17. Андижан айылындагы кичи көчөлөрдү асфальтоого – 1000,0 миң сом;
18. Кызыл-Кыштак айылы, М.Сабиров мектебинин терезелерин алмаштырууга – 2000,0 миң сом жана таман таш (брусчатка) басууга – 1400,0 миң сом, канализацияга – 500 миң сом;
19. Жаңы-Турмуш айылы, Катта-Терек участкасынын көчөсүн асфальтоого – 3000,0 миң сом, балдар аянтчасын курууга 500 миң сом;
20. Курулуш иштерине тийиштүү иш кагаздарын (АПУ жана ПСД) даярдатууга – 2000,0 миң сом;
21. Жаңы-Турмуш айылы, Ибн-Сино көчөсүн асфальтоого – 2000,0 миң сом;
22. Жаңы-Турмуш айылы, У.Рахманов жана Бешкапа көчөлөрүнө тротуар курууга жана долбооруна – 2000,0 миң сом;
23. Кызыл-Кыштак айылы, Шамшат көчөлөрүн асфальтоого – 4000,0 мин сом;
24. Жаңы-Турмуш айылы, У.Рахманов көчөсүнө аялдама курууга – 200,0 миң сом жана түнкү жарыткычтарына – 100,0 мин сом;
25. Коммунист айылы, № 1 көчөсүн (Марифов намазканасынын алдын) асфальтоого – 1000,0 миң сом;
26. Кызыл-Кыштак айылы, М.Газиев мектебинин жана “Бостон” МЧББ мекемесинин жылытуу системасына ремонттоогоо – 2500,0 миң сом жана территориясын асфальтоого – 800,0 миң сом, таман таш басууга-800, 0 миң сом;
27. Кызыл-Кыштак айылы, М.Газиев мектебинин инвентарына – 462,5 миң сом;
28. Кызыл-Кыштак айылы, “Бостон” МЧББ мекемесинин инвентарына – 800,0 миң сом;
29. Ишкаван айылы, Ы.Ахмадалиева атындагы МЧББ мекемесине кошумча имарат курууга – 1700,0 миң сом жана суу кудукка,темир эшик, инветарларына –300,0 миң сом;
30. Керме-Тоо айылы, “Керме-Тоо” МЧББ мекемесине – 532,0 миң сом;
31. Кызыл-Кыштак айылы, “Бостон” эс алуу жайына – 500,0 миң сом;
32. Кызыл-Кыштак айылы М.Сабиров мектебинин базасындагы МЧББ мекемесинин ремонтуна жана курулушуна - 3000,0 миң сом, балдар бакча жана мектеп инвентарына 2000.0;
33. Ишкаван айылы, Ак завод көчөсүн асфальтоого – 4000,0 миң сом;
34. Кызыл-Кыштак айылы, М.Газиев мектебине типтүү мектеп куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарын (долбоорун) даярдоого – 1000,0 миң сом;
35. Кызыл-Кыштак айылы, “Бостон” участкасын газдаштырууга курулуш материалдарына – 3000,0 миң сом;
36. Кызыл-Кыштак айылы, Мирзакантов, Бостон, П.Мирзажанов көчөлөрүндөгү электр мамычаларын алмаштырууга – 300,0 миң сом;
37. Кызыл-Кыштак айылы, П.Мирзажанов көчөсүн асфальтоого – 1200,0 миң сом;
38. Кызыл-Кыштак айылы, А.Навои көчөсүнүн лотокторуна – 1200,0 миң сом;
39. Жаңы-Турмуш айылы, “Күн балдары” МЧББ мекемесинин инвентарларына жана “беседкага” - 700,0 миң сом;
40. Жаңы-Турмуш айылы, Оморбек датка атындагы мектебинин айланасын тосууга – 590,0 миң сом жана спорт аянтчасынын үстүн (чатырына) жабууга - 2000,0 миң сом;
41. Жаңы-Турмуш айылы, А.Кулигов көчөсүн асфальтоого – 1000,0 миң сом;
42. Кызыл-Кыштак айылы, Беш-Кепе участкасындагы соц.объектин курулушун бүтүрүүгө жана инвентарына – 2000,0 миң сом;
43. Жаңы-Турмуш айылы, МТФ көчөсүн асфальтоого – 2000,0 миң сом;
44. Кызыл-Кыштак айылы, Мирзакантов көчөсүн асфальтоого жана темир бетон лоток орнотууга – 1500,0 миң сом;
45. Жаңы-Турмуш айылы, Атаханов көчөсүнө түнкү жарыткычтарына орнотууга – 250,0 миң сом;
46. Жаңы-Турмуш айылы, Б.Осмонов көчөсүнө тротуар курууга – 2000,0 миң сом;
47. Коммунист айылы, Якубов, Бадалов көчөлөрүн асфальтоого – 2000,0 миң сом;
48. Андижан айылы, таза суу түтүктөрүнө –273,0 миң сом;
49. Коммунист айылы, Т.Омурзаков мектебинин чатырынын ремонтуна – 250,0 миң сом;
50. Коммунист айылынын спорт аянтчасынын жасалгаларына – 1000,0 миң сом;
51. Жаңы-Турмуш айылы, Жураев көчөсүнүн электр мамычаларына – 100,0 миң сом;
52. Жаңы-Турмуш айылы, №85-участкасынын таза суу түтүктөрүнө – 200,0 миң сом жаңы конушутардын (сенобаза) электр мамычаларына – 120,0 миң сом;
53. Коммунист айылы, ”Ак-Буура” МЧББ мекемесине – 500,0 миң сом;
54. Кызыл-Кыштак айылы, Дөң (Кол өнөрчүлөр) көчөсүн асфальтоого – 3000,0 миң сом;
55. Кызыл-Кыштак айылы, Кызыл-Кыштак ҮДТнүн базасында имарат курууга – 3000,0 миң сом;
56. Кызыл-Кыштак айылы Бешкапа участкасына жабык, жашыл газондуу спорт аянтча курууга – 5000,0 миң сом;
57. Керме-Тоо айылы, Ы.Насыров мектебинин терезелерин “жалюздарына” – 350,0 миң сом;
58. Ишкаван айылы, С.Раджапов көчөсүн асфальтоого – 4000,0 миң сом;
59. Кызыл-Кыштак айылы, Бостон көчөсүнөн Хафизов көчөсүнө чейинки (мектепке барчы) көчөнү асфальтоого– 1500,0 миң сом:
60. Кызыл-Кыштак айылы Бостон көчөсүн асфальттого – 3000,0 миң сом;
61. Кызыл-Кыштак айылы, С. Гаипов көчөсүн асфальтоого– 1500,0 миң сом:
62. Кызыл-Кыштак айылы, Маматалиев көчөсүн асфальтоого– 2000,0 миң сом:
63. Кыштак-Кыштак айылы, Т.Исламова көчөсүн асфальтоого, канализациясына, лотокторуна жана түнкү жарыткычтарга – 3000,0 миң сом;
64. Кызыл-Кыштак айылы, Х.Алимжанов көчөсүн асфальтоого – 3000,0 миң сом;
65. Айбек атындагы мектепке актовый зал курууга - 2000,0 миң сом, ремонтуна – 300 миң сом, инвентарь алууга – 200 миң сом;
66. Айыл аймагындагы бардык 9 мектепке спорт инвентарь алууга - 1000,0 миң сом.
67. Айыл аймагындагы бардык 9 мектепке өрт коопсуздугу сигнализациясына - 2000,0 миң сом;
68. Айыл аймагындагы бардык балдар бакчасына өрт коопсуздугу сигнализациясына - 1000,0 миң сом.
69. Ишкаван айылы, Ажы көчөлөрүн асфальтоого – 3000,0 миң сом;
70. Жаңы-Турмуш айылы, Б.Осмонов кичи көчөсүнө асфальтоого – 1500,0 миң сом;
71. Коммунист айылы, Ж.Газиев жана Нематов көчөлөрүн асфальттоого - 2000,0 миң сом;
Жалпысы: 146 937,5 миң сом.
II. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн жүктөлсүн.
III. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |