Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезексиз XXVIII сессиясы

 

2024– жылдын 16-февралы № 28-8

 

Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы көчөлөрдүн атын өзгөртүү” жөнүндөгү маселелер боюнча, айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын” 2024-жылдын 09-февралындагы отурумунун № 3-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:

 

Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 09-февралындагы отурумунун № 3- протоколунун чечими бекитилип:

1. Кызыл-Байрак айылындагы № 4 көчө, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Маматов Тешебай атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.

 

2. Ишкаван айылындагы Карл Маркс атындагы көчө “Эмгек ардагери” Кочконов Турдали атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.

 

3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, регламент жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова