Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

2021-жылдын 29-сентябры № 3/4 (Г)

ЖЧК “Комур -Кен” ишканасы геологиялык чалгындоо үчүн алган № 6119 ТР лицензиясына негиз “Жоон-Бакан – 1” участогундагы кварц кенине чалгындоо иштерин алып барууга макулдук берүү жөнүндө

ЖЧК “Комур -Кен” ишканасы геологиялык чалгындоо үчүн алган № 6119 ТР лицензиясына негиз “Жоон-Бакан – 1” участогундагы кварц кенине чалгындоо иштерин алып барууга макулдук берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. ЖЧК “Комур-Кен” ишканасы геологиялык чалгындоо үчүн алган № 6119 ТР лицензиясына негиз “Жоон-Бакан – 1” участогундагы кварц кенине чалгындоо иштерин алып барууга макулдук берилбесин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго милдеттендирилсин.

 

3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.

 

5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Токторбеков.