НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 3/4 (А)
Ш.Назаралиев айыл аймагынын бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Назаралиев айыл аймагынын бюджетинин 2021-22-23-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Назаралиев айыл аймагынын бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга болжолдуу долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |