НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 3/4 (Б)
Ш.Назаралиев айыл аймагынын бюджетинин беренесинен беренесине акча каражатын которуу жөнүндө
Назаралиев айыл аймагынын бюджетинин беренесинен беренесине акча каражатын которуу жөнүндө ФЭБ башчы Т.Шертаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Жар айылындагы № 30 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө бокс курууга ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясындагы 300000 (үч жүз миң) сом, Нарын, Жар-Башы айылына ичүүчү таза суу түтүгүн тартууга бөлүнгөн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясындагы 300000 (үч жүз миң) сом, бала бакчага коргон курууга 70911 бөлүмүнүн 2221 статьясындагы 250000 (эки жүз миң) сом, жогорудагы бөлүмдөрдөн 70921 мектептер бөлүмүнүн 3111 курулуштар статьясына 850000 (сегиз жүз элүу миң) сом акча каражаты Р.Сөлпүев орто мектебинин отказанынын жылуулук берүү системасынын кайра куруу үчүн.
2. 70921 мектептер бөлүмүндөгү 2215 ар түрдүу чыгымдар статьясындагы калган 60000 (алтымыш миң) сом акча каражаты, 70111 башкаруу аппаратынын 2721 даректүү социалдык жардам бөлүмүнө, 70111 башкаруу аппаратынынын 2215 түрдүү чыгымдар статьясынан 29500 (жыйырма тогуз миң беш) сом каражаты 70629 ЖКХ бөлүмүнүн 2221 учурдагы оңдоолор статьясына.
3. Күз-кыш мезгилинде электр энергия менен камсыздоо максатында быйылкы 2021-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн, ЖКХ бөлүмүнүн 2511 субсидия статьясынан 300000 (үч жүз миң) башкаруу аппаратынын 3111 курулуштар статьясында Сифон БНКга бөлүнгөн 200000 (эки жүз миң) сом, 70111 башкаруу аппаратынын 2231 статьясына 500000 (беш жүз миң) сом акча каражаты.
4. Ж.Наркулов мектебинин шиферин алмаштырууга бөлүнгөн 70921 бөлүмүнүнүн 2221 статьясындагы 150000 сом акча каражаты шиферин алмаштырып кайра жабууга жетпегендигине байланыштуу ошол эле сумма эшик терезелерди алмаштырууга деп ондоп жазылсын.
5. Н.И. Мешков мектебиндеги 2221 статьядагы электро-монтаждоого бөлүнгөн 200000 (эки жүз миң) акча каражаты, 70921 мектептер бөлүмүнүн 3111 курулушту (навес) куруу статьясына.
6. 70629ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан 300000 (үч жүз миң) сом акча каражаты кыскартылып, 70111 башкаруу аппаратынын 2221 статьясына 300000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Кызыл-Жар аймактык оорукананын канализациясына ондоолор беренесине.
7. Атайын каражат 70911 бала бакча бөлүмүнүн 2221 статьясындагы , учурдагы ремонт статьясынан 100000 (жүз миң) сом, ушул эле бөлүмдүн 3111 капиталдык ремонт отказанын капиталдык оңдоо статьясына 100000 (жүз миң) сом жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |