Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

2021-жылдын 28-октябры № 1/5

Т.Эркиновдун кайрылуусу боюнча Айыл өкмөттүн кызыр аныз балансында турган Жыл-Кол селканасынын тосмосунун (дамба) астында жана жогору жагында жайгашкан коп жылдардан бери сугат суу жоктугунан пайдаланылбай келген жер аянттарын,айыл чарба багытында жашылдандырууга убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндө

Т.Эркиновдун кайрылуусу боюнча Айыл өкмөттүн кызыр аныз балансында турган Жыл-Кол селканасынын тосмосунун (дамба) астында жана жогору жагында жайгашкан коп жылдардан бери сугат суу жоктугунан пайдаланылбай келген жер аянттарын,айыл чарба багытында жашылдандырууга убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Айыл өкмөттүн кызыр аныз балансында турган Жыл-Кол селканасынын тосмосунун (дамба) астында жана жогору жагында жайгашкан көп жылдардан бери сугат суу жоктугунан пайдаланылбай келген 46 Га жер аянттарын, айыл чарба багытында жашылдандырууга убактылуу пайдалануу үчүн конкрустун негизинде 7 (жети) жылга ижарага берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл өкмөт башчы Т.Эркновго жана айылдык кенештин Агро комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.

 

5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Токторбеков.