НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
2021-жылдын 28-октябры № 1/4
Кузаев Ташкул жана Алымкулов Керимбек маркум инсандарыбызга көчөгө ысымын ыйгаруу жөнүндө. Билдирет.Мыйзам комитети төрага А.Шайымкулов
Кузаев Ташкул жана Алымкулов Керимбек маркум инсандарыбызга көчөгө ысымын ыйгаруу жөнүндө Мыйзам комитетинин төрагасы А.Шайымкуловдун маалыматтын угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жар-Башы конушундагы аталышы жок көчөгө Кузаев Ташкул жана Жийде –Сай 1 конушундагы аталышы жок көчөгө Алымкулов Керимбек маркум инсандарыбыздын ысымы ыйгалырсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кенештин мыйзам боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |