Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

2021-жылдын 28-октябры № 1/2

Кызыл-Жар айылынын (КызылЖар дыйкан чарбасынын гаражы ), демөөрчүлөр тарабынан футбол, волейбол, балдар аянтчалары,курууда 11500.0 кв.м жана Н.И.Мешков атындагы эс алуу паркынын ичине 480 кв.м БНК каналынын жээгине насос орнотууга 24кв.м КТП орнотууга 9кв.м электриктер буткасын орнотууга 24кв.м жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө

Кызыл-Жар айылынын (Кызыл-Жар дыйкан чарбасынын гаражы), демөөрчүлөр тарабынан футбол, волейбол, балдар аянтчалары, курууда 11500.0 кв.м жана Н.И.Мешков атындагы эс алуу паркынын ичине 480 кв.м БНК каналынын жээгине насос орнотууга 24кв.м КТП орнотууга 9кв.м электриктер буткасын орнотууга 24кв.м жер тилкесин ажыратып берүү жана Өкмөттүн жер сатуу жана арендага берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  А. Авган ардагерлерине берилүүчү жер тилкелери 3 сотыхтан ашпай жер өкмөттүн балансында калып арендага иштетүүгө берилсин.

  Б. Нарын айылындагы Мешков паркына 480кв метр жерге жаштар үчүн салынып жаткан спорт зал курууга уруксат берилип курулма бүткөндөн кийин жер жана курулуш өкмөттүн балансына алынсын.

  В. Кызыл-Жар (2- бөлүм )айылындагы эски гараждын ордуна демөөрчүлөр тарабынан 11500 кв метр жерге фудбол, волейбол, балдар аянтчаларын жана башка курулмаларды куруу үчүн өкмөт менен конкреттүү түрдө келишим түзүлүп арендага берилсин.

   Г. БНК Наманган каналынын жээгине 24 кв метр жерге насос куруу үчүн уруксат берилсин.

  Д. Жыл-Кол айылына 9 кв метр жерге КТП орнотууга жана анын буткасын орнотууга 24 кв метр жерге макулдук берилсин.

  Е. Айыл өкмөттүн балансында турган 9 (тогуз) трансформаторлорду жер тилкелери менен РЭСтин балансына өткөрүлүп берилсин.

  Ж. Өкмөттүн сунушу менен Назаралиев айыл аймагына караштуу баланста бош турган жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын 23-сентябрь 2011-жылдагы № 571 токтомуна ылайык мыйзамдуу жолу менен сатууга жана Жыл-Кол селканасынын асты жана жогору жагы, Кызыл-Жар айылындагы ан жылга зонасын, Кум айылынын Жел тийбес зонасындагы арендага берилүүчү жер тилкелери аукциондук жана конкрустун негизинде берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго жана жер боюнча башкы адис С.Тиллебаевге милдеттендирилсин.

3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.

 

5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Токторбеков.