АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын отуруму
2024– жылдын 24-январы № 13/1
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин
бекитүү жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетин Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен сессияда каралып, талкууланып, айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 2023-жылда 48778,2 (кырк сегиз миллион жети жүз жетимиш сегиз мин эки жүз) cомго, чыгаша бөлүгү 42335,5 (кырк эки миллион үч жүз отуз беш мин беш жүз) сомго киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 6442,7 (алты миллион төрт жүз кырк эки мин жети жүз) сомго, башкача айтканда 6442,7 (алты миллион төрт жүз кырк эки мин жети жүз) сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2024-жылга карата жалпысы 31109,6 (отуз бир миллион бир жүз тогуз мин алты жүз) сом, анын ичинен атайын эсеп 6950,4 (алты миллион тогуз жүз элүү мин төрт жүз) сом жана жайыт үчүн 220,0 (эки жүз жыйырма) миң сом эсебинде бекитилсин.
3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2023-жылдын эсебинен калган 6442,7 (алты миллион төрт жүз кырк эки мин жети жүз) сом өлчөмүндөгү калдык акча каражаты сметанын негизинде жумшалсын.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата болжолдуу планы 33830,1 (отуз үч миллион сегиз жүз отуз мин бир жүз) сомго жеткирүү жагы каралсын.
5. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата болжолдуу планы 35808,1 (отуз беш миллион сегиз жүз сегиз мин бир жүз) сомго жеткирүү жагы каралсын.
6. Ак-Таш айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү”
№ 451 токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 21 (жыйырма бир) анын ичинен кенже кызматкерлерге 2 (эки) штат бирдиги бекитилсин жана айыл башчылардын эмгек акысы жетектөөчү адис коэффиценти менен, ченге кошумча төлөмдөр төлөнүп берилсин.
7. Ак-Таш айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын жыл ичиндеги эмгек маянасы үчүн 587,5 (беш жүз сексен жети мин беш жүз) сом каралсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы |
| А.Аматов |