АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын отуруму
2024– жылдын 24-январы № 13/3
Ак-Таш айыл аймагынынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2024-жылга төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифин жогорулатуу жөнүндө
Ак-Таш айылдык аймактын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2024-жылга төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифтерин жогорулатуу жөнүндөгү маселени карап чыгып Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймактын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2024-жылга төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифтери жогорулатылсын.
2. Жайлоого чыккан жайыт пайдалануучуларга төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифтери төмөндөгүчө бекитилсин:
- Ар бир ири мүйүздүү малга 200 (эки жүз) сом
3. Бул токтомду аткарууга алуу Ак-Таш айыл өкмөтүнө жана ЖПБга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы |
| А.Аматов |