НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
2021-жылдын 28-октябры № 1/6 (Б)
Ш.Назаралиев айылдык кенешинин төрагасынын арызын кайрадан карап кайра баштан жаны төрага шайлоо жөнүндө
Ш.Назаралиев айылдык кенешине жаны Төрагасын шайлоо боюнча айылдык кенешинин депутаттарынан түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүү менен өткөрүлгөн жабык шайлоонун протоколуна ылайык маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ш.Назаралиев айылдык кенешинин жаны Төрагасын шайлоо боюнча айылдык кенешинин депутаттарынан түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүү менен өткөрүлгөн жабык шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болуп Орозбаев Адыл Кененбаевич Назаралиев айылдык кенешинин төрагасы болуп шайланды.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары З.Нармырзаевга жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |