НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2021-жылдын 2-марты № XXVII -4
Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2001-жылдын 19-декабры № 111токтомуна ылайык Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларынын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттарын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө 70 000 ( жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алып, бөлүнгөн акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |