Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жаны-Арык айылдык кенешинин VII-чакырылышынын

депутаттарынын кезектеги XIX- сессиясы

 

2024– жылдын 31-январы № 19/2-1

 

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2023- жылдан 01-январь 2024-жылга карата калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө

  «Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетин аткарылышы жана 01-январь 2024-жылга карата калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап жана айылдык кеңешинин бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүң 2023-жыл ичиндеги бюджеттин киреше бөлүгү 34 376,9 миң сомго ал эми чыгышы бөлүгү 34582,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.

2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү калган калдык жалпысы 1 781,4 миң сом бюджетиндеги 1 781,4 миң сом акча каражаты, атайын каржаты 0,0 мин сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.

3. Жергиликтүү бюджетте калган калдык акча каражатын кагаз иштерин даярдап иш алып баруу Жаңы-Арык айыл өкмөтүнун ФЭБ нүн башчысы Т.Абдибаитовага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага:

 

Ж.Осумбеков