Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жаны-Арык айылдык кенешинин VII-чакырылышынын

депутаттарынын кезектеги XIX- сессиясы

 

2024– жылдын 31-январы № 19/4

 

Жаңы-Арык айыл аймагынын, Правда айылынын жергиликтүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен ичүүчу таза сууга болгон баасын (тарифин) жогорулатуу жөнүндө

 

Жаны-Арык айылдык кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап, Жаңы-Арык айыл аймагында, Правда айылынын жергиликтүү тургундары менен болгон жыйындын чечими менен ичүүчү таза сууга болгон баасын (тарифин) жогорулатуу жөнүндө элдик жыйындын протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл аймагындагы, Правда айылынын жергиликтүү тургундары менен болгон 2024-жылдын 05-январындагы жыйындын чечими менен ичүүчү таза сууга болгон баа, короосуна киргизгендер үчүн 150 сом, көчөдөн ташып ичкендер үчүн 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрага:

 

Ж.Осумбеков