Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № XXVII -6

Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы «Найман» балдар бакчасынын имаратынын эшик,терезелерин жана полун үлүштүк дем берүүчү гранттардын жардамында капиталдык ремонттон өткөрүүгө жардам катарында ата-энелерден өздүк салым чогултуу жөнүндө

«Найман» балдар бакчасынын жетекчисинин жана «Найман» балдар бакчасынын ата-энелеринин төрайымынын билдирүүсүн угуп,талкуулап, Найман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Бала бакчанын имаратынын эшик,терезелерин жана полун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттик үлүштүк гранттан бөлүнгөн акча каражатына өздүк салым катары ата-энелердин колдоосу менен 22 000 (жыйырма эки миң) сом акча каражатын чогултуу колго алынсын.

2.Ата-энелерден акча каражатын топтоп, балдар бакчасынын атайын эсептик счетуна которуу жагы ата- энелер комитетинин төрайымы Д.Таировага жана «Найман» балдар бакчасынын жетекчиси К.Курбаналиевага милдеттендирилсин.

3.Ата-энелерден түшкөн акча каражатын балдар бакчасынын атайын эсептик счетуна кошумча план тактап, киргизүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш.Сапаровага тапшырылсын.

 

Найман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.Эрматов