Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы

кезектеги 20-сессиясы

 

2024– жылдын 01-февралы № 76

 

2023-жыл ичинде бюджетти аткаруу процесинде алынган кошумча кирешелер жана жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн акча каражаттары жана атайын каражатка кошумча план алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2023-жылдын аягында жергиликтүү бюджети аткарууда кошумча кирешелерден жана үнөмдөлгөн 2380,8 миң сом, бала бакчанын атайын каражаттындагы ата-энелердин төлөмүнөн 7,0 миң сом акча каражаттарын чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү жана бала бакчанын атайын каражатына кошумча план алуу боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аягында жергиликтүү бюджети аткарууда кошумча кирешелерден түшкөн жана үнөмдөлгөн 2380,8 миң сом жана бала бакчанын атайын каражаттындагы 7,0 миң сом акча каражаттары 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетин чыгаша бөлүгүнүн, төмөндөгү бөлүмдөрүнүн беренелерине бөлүштүрүлүп, кошумча иш-чаралар планы бекитилсин:

1).Жергиликтүү бюджеттеги 2380,8 миң сом акча каражаты:

а).турак-жай коммуналдык чарбанын 3111-беренесине 1430,8 миң сом, 3112-беренесине 150,0 миң сом ;

б).орто мектептин  2222-беренесине 800,0  миң сом.

2).Атайын каражаттагы 7,0 миң сом акча каражаты бала бакчанын 2222-беренесине бөлүштүрүлүп, жумшалсын.

3.2024-жылдын башында Т.Маткасымов атындагы балдар бакчасы ишке киргендигине жана ата-энелердин атайын төлөмдөрү жогорулагандыгына байланыштуу 2024-жылга 522,0 сомго кошумча план алынсын жана аны бөлүштүрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.Жогорудагы акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү жана пайдалануу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Г.Матиева

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №76 токтомуна №1-тиркеме

 

2023-жыл ичинде бюджетти аткаруу процесинде алынган кошумча кирешелер жана жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн акча каражатынын иштетилиши боюнча кошумча иш-чаралар планы

 

 

№

Иш-чаранын аталышы

Бөлүнгөн акча каражаты

Мөөнөтү

Аткарууга жооптуу

1

Карл Маркс айылындагы морчону капиталдык ремонтоо

500,0

2024-жыл

Айыл өкмөтү

2

Турдубаева атындагы орто мектебин көркөм жасалгалоо

800,0

2024-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү

3

Кара-Тарык айылындагы ФАПтын курулушун курууга

930,8

2024-жыл 2-кварталы

Айыл өкмөтү

4

Ак-Терек айылындагы таза су линясына 20м/кубтук темир бочка сатып алуу

150,0

2024-жыл 1-2-кварталы

Айыл өкмөтү

5

Бала бакчаларга кеңсе товарларын сатып алууга (атайын каражат)

7 ,0

2024-жыл 1-кварталы

Айыл өкмөтү

 

Жыйынтыгы

2387,8

 

 

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыков

 

ФЭБ башчысы А. Нурдинов