Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы

кезектеги 20-сессиясы

 

2024– жылдын 01-февралы № 77

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрциялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтү сунуштаган аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2024-жылга карата иш-чаралар планын карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралар планы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин

2024-жылдын 01-февралындагы

№77 токтому менен бекитилген Тиркеме №1.

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата аткарыла турган иш-планы

№

Аткарылуучу иш-чаралар

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

Уюштуруу жана практикалык иш-чаралар

1

2023-жылдын жыйыныктарын чыгаруу жана 2024-жылга милдеттерди тактоо

2024-жылдын 1-кв

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2

Айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштуруу

2024-жыл 1-кв

Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылар

3

Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу комиссиялардын отурумдарын уюштуруу

2024-жыл

Айыл өкмөтү,кенештин төрагасы

4

Жергиликтүү бюджеттин кабыл алынышы жана аткарылышы боюнча документтерди сессияга сунушотоо

2024-жыл ичи

Айыл өкмөтү, айылдык кенеш

5

Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн маалыматтык жана комуникациялык тохнологияларды кеңири пайдалануу боюнча чараларды аткаруу (санариптик аймак, Е-Кызмат, оргтехникалардын иштешин камсыздоо ж.б.)

2024-жыл

Айыл өкмөтү

6

Айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча иш-чараларду өткөрдүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү, мекеме уюмдун жетекчилери, жергиликтүү калк

7

Жазгы, күзгү, оруп жыйноо иштерин уюштуруу (азык-коопсуздугун алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү)

2024-жыл

Айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат

8

Күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү, бюджеттик мекемелериди , аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр отун менен камсыздоо

2024-жыл 3-4-кв

Айыл өкмөтү,бюджеттик мекемелердин жетекчилери

9

Жергиликтүү калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

10

Айыл аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды жөнгө салуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат

11

Айыл аймагында санитардык-гигеналык абалды сактоо боюнча иш-араекеттерди жүргүзүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү,мекеме-уюмдун жетекчилери

12

8-март Аялдардын Эл аралык, 21-март Нооруз, 9-май УАМ согушутун жеңиш күнүн ,25-май акыркы конгуроо,1-июль Балдарды коргоо,31-авгусут Эгемдүүлүк,7-8-ноябрь Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү жана жаны жыл майрамдарын арналган иш-чарларды өткөрүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү

13

Мамлекеттик программалардын негизинде айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин билимдерин жогорулатуу үчүн окууларга жөнөтүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү, кызматкерлер

14

Айыл аймагындагы бардык мектептерге, мектепке чейинки мекеме-уюмдарга гигиеналык жактан сакталуусун камсыздоо жана ар түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу

2024-жылдын 2-4-кварталы

Айыл өкмөтү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери

15

Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин 2024-2025-окуу жылына карата учурдагы ремонт иштерин жүргүзүү жана аларды айыл чарба товарлары менен камсыздоо.

2024-жылдын 3-кварталы

Айыл өкмөтү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери

16

Т.Турдубаева жана Т.Жоробеков атындагы орто мектептерге заманбап интерактивдүү доскалар менен камсыздоо

2024-жыл ичинде

Айыл өкмөтү

17

Айыл аймагындагы көрүнүктүү жерлерге эки даана маалыматтык, жарнамалык доска жасоо

2024-жыл ичинде

Айыл өкмөтү

18

Турак-жай куруу боюнча жер тилкесине муктаж жарандарга жер берүү маселесин чечүү

2024-жыл ичинде

Айыл өкмөтү

19

Т.Турдубаева атындагы орто мектеби көркөм жасалгалоо

2024-жыл

Айыл өкмөтү

 

Экономика

20

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 4,0 млн.сомго чейин көбөйтүү:

-киреше салыгы;

-мүлк салыгы;

-роялти салыгынын негизинде.

-дагы башка кирешелер.

2024-жылы

Айыл өкмөтү

21

2024-жыл ичинде “Сары-Таш” үлүл тектүү таш кенинен 2 ишкана ачуунун негизинде 20 ден кем эмес жаңы жумуш орундарын түзүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү, ишканалар

22

Айыл аймагынын дүн продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү:

-өнөр жайында 2%

-айыл чарбасында 2 %

2024-жылдарда

Айыл өкмөтү,жеке ишкерлер

23

“Сары-Таш” үлүл тектүү таш кенинде иштеген ишканалардан, атайын эсепке социалдык пакеттин төлөмдөрүн түшүрүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү

Өнөр жай

24

Сары-Таш таш кениндеги өндүрүлүүчү таштын көлөмүн 105 % га чейин көбөйтүү үчүн “Сары-Таш” таш үлүл тектүү таш кенин иштеткен ишканаларга ар тараптан шарттарды түзүү жана жаана-чачын мезгилинен сырткаркы убактарда таш ташуу үчүн жолдун ачык болушун камсыздоо

2024-жыл

Айыл өкмөтү,ишканалар

25

Айыл аймагындагы Сары-Таш таш кенинде 2 ишканадан кем эмес ишкана ачуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү, ишканалар

Инвестиция

26

Үч-Каптал айылынын жашоочуларына жана социалдык объектилерге таза суу системасын тартуу боюнча иш-аракеттерди көрүү;

2024-жыл ичи

Айыл өкмөтү, бей өкмөт уюмдар

27

А.Ташмаматов башт.мектебинин имаратын жаңыдан куруу “CASA-1000” долбоорунун жана айыл өкмөттүн эсебинен

2024-жыл ичи

Айыл өкмөтү, бей өкмөт уюмдар

28

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде айыл аймагындагы жумушка жарамдуу жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылуу

2024-жыл ичи

Айыл өкмөтү, бей өкмөт уюмдар

29

Айыл аймагындагы эскилиги жеткен мамычаларды 50 дана темир бетон мамычаларга “Өзгөн өнүктүрүү фонду” аркылуу сатып алуу жана Киров, Кара-Тарык айылдарына орнотуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү, бей өкмөт уюмдар

30

Киров айылында таза суу линиясын куруу

2024-жыл

Айыл өкмөтү, бей өкмөт уюмдар

31

Боз-Ала айылына ФАП куруу боюнча иш-аракеттерди көрүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү, бей өкмөт уюмдар

 

Байланыш жан электр энергия тармагы

32

Айыл аймагында эскилиги жеткен жыгач алмашытыруу жана коопсуз абалга келтирүү үчүн 2024-жыл ичинде кошумча тушкон каражаттардын эсебинен 90 даана темир бетон мамыча сатып алуу жана орнотуу

-Ак-Терек айына 14 даана

-Уч-Капчал айылына-19 даана

-Карл Маркс айылына 15 даана

-Түз-Бел айылына 24 даана

-Боз-Ала айылына-14 даана

-Кысык-Алма айылына-5 даана

2024-жылдын

Айыл өкмөтү

33

Карл-Маркс айылдарына интернет байланышын күчөтүү, биллайн компаниясынын каржылоосунун негизинде

2024-жылдын

Айыл өкмөтү, Билайн компаниясы

34

Авариялык абалдагы электр зым чубалгыларын жаңылоо жана алмаштыруу

-Түз-Бел айына -3000 метр

-Киров айылына -3000 метр

-Ак-Терек айылына-2000 метр

2024-жылдын

Айыл өкмөтү

35

Ак-Терек, Үч-Каптал, Карл Маркс, Түз-Бел айылдарындагы эски чагылгандан коргоочу локаторлорду калыбына келтирүү

2024-жылдын

Айыл өкмөтү

 

Үч-Каптал, Боз-Ала ,Кара-Тарык айылдарындагы трансформаторго болгон көйгөйдү чечүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү, РЭС

 

Ветеринария жана айыл чарба

36

Айыл аймагындагы айдоо жерлерди максаттуу пайдалануу

дайыма

Айыл өкмөтү,жеке чарбагерлер

37

Жайыт комитетинин ишин , жайыттарды жакшыртуу жана жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду ондоо-тузоо

2024-жыл

Жайыт комитети

38

Кой өстүрүүчүлүктү 2%га, кара мал өстүрүүчүлуктү 1% пайызга, мал чарба ээлерине алыскы жана жакынкы жайыттарга чыгууга шарт түзүү, тоют жыйноодо өз убагында техника жагын уюштуруу

2024-жыл

Айыл өкмөтү,Жайыт комитети,жергиликтүү калк

39

Айыл аймагында ветеринардык эпизоотиялык абалды сактоо (сибир жарасынын чордондорун залалсыздандыруу,жугуштуу оорулардын алдын алуу, жобул ит-мышыктарды атып жок кылуу.вет.сервистердин иштерин жакшыруу , сибир чордондору бар жерлердеги тосмолорду учурдагы ремонтоо ж.б.)

2024-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү,вет сервистер

40

Кар Маркс айылындагы морчону капиталдык ремонтоо

2024-жыл

Айыл өкмөтү

41

Кара малдарды жасалма жол менен уруктандуруучу аппаратты ишин жакшыртуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү,вет сервистер

42

Жайлоолорго баруучу жолдорду ондоо жана тегиздоо (атайын техниканын күчү менен)

2024-жыл

Айыл өкмөтү,жергиликтүү жамаат, Жайыт комитети

43

Ак-Терек , Түз-Бел,айылдарына мал-жандыктары суу ичүүчү латок куруу

2024-жыл

Жайыт комитети

44

Карл Маркс айылына 300 метр, Түз-Бел айына 2000 метр аралыка агын суу линясын тартуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

45

Дыйкан-фермерлерди КРнын Айыл чарба министрлиги аркылуу сапатттуу үрөндөр менен камсыдоону уюштуруу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

46

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү жана Мыйзам чегинде аукцион өткөрүү

2024-жылдын 1-кварталы

Айыл өкмөтү

 

Инфраструктураны жакшыртуу

47

Айыл аймагындагы таза суу линяларына желим турбаларды сатып алуу жана жергиликүү тургундарынын катышуусунда орнотуу иштерин колго алуу.(зарылдыка жараша эсептелинет)

-Кысык-Алма айылына

-Боз-Ала айылына

-Үч-Каптал айылына

-Карл Маркс айылына

-Түз-Бел айылына

2024-жыл

Айыл өкмөтү,жергиликтүү калк

48

Айыл аймагындагы ички чарбалык жолдордун бузулган бөлүктөрүнө шагыл төшөө.

-Киров айылына -600 метр аралыка

-Боз-Ала-600 метр ааралыка

-Карл Маркс-500 метр аралыка

-Ак-Терек-450 метр аралыка

-Түз-Бел-800 метр аралыка

-Уч-Капчал-600 метр аралыка

-Кара-Тарык-450 метр аралыка

 

Айыл өкмөтү

49

Куршаб-Жалпак-Таш авто жолун 2 чакырым аралыкты асфальтоо Республикалык бюджеттен

2024-жыл 2-3-кв

Республикалык бюджет

50

Айыл аймагындагы таза суу түтүктөрүн зарылдыкка жараша учурдагы ондоо иштерин колго алуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

51

Айыл аймагында бузулган жарыктандыруучу прожекторлорду, линяларды учурдагы ремонтоо жана Боз-Ала, Үч-Каптал, Кысык-Алма айылдарына кошумча жарыктандыруучу линиясын тартуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

52

Айыл аймагында акыр-чикирлерди, таштандыларды, суюктук чыгындыларын жайгаштуруу үчүн жер аянттарын даярдоо

2024-жыл 2-3-кварталы

Айыл өкмөтү

53

Айыл аймагындагы ички чарбалык жолдорду атайын техника менен тегиздөө жана башка иштерди жасоо.

2024-жыл

Айыл өкмөтү

54

Ак-Терек, Боз-Ала айылдарына бала бакча курууга, Кара-Тарык айылына ФАП курууга, морчо курууга ж.б. архитектуралык, мүлктүк укуктук, сметалык иш-кагаздары даярдоо жана алардын курулушун баштоо аракеттерин көрүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү

55

Боз-Ала айылына 2023-жылы сатылып алынган суу латокторун орнотуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

56

Киров айылына, аялдарды иш-менен камсыз кылуу үчүн тигүүчү цех ачуу иштерин уюштуруу

2024-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

57

Ак-Терек айылындагы таза суу линясына 20м/куб темир бочка орнотуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

58

Боз-Ала, Кара-Тарык, Үч-Каптал, Түз-Бел айылдарына суу кампаларын куруу иштерин колго алуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү, бей өкмөт уюмдар

59

Үч-Каптал жана Түз-Бел айылындагы ички жолдорго көпүрө жасоо үчүн темир бетон кольцаларды сатып алуу жана орнотуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу

60

Кооптуу аймактарда,участоктордо такай көзөмөл жүргүзүү,өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндурүү иштерин жүргүзүү,райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тыгыз байланышты камсыз кылуу

дайыма

Айыл өкмөтү

61

Айыл аймагында көчкү коркунучу бар жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерге чыгаруу үчүн Ак-Терек, Кара-Тарык жана Киров айылдарына коопсуз калктуу конуштарды түзүү жана райондук мамлекеттик администрация аркылуу башка айыл өкмөттөрдөн жер тилке алып берүү

дайыма

Айыл өкмөтү

62

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу,кесепеттерин жоюу,өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу үчүн жергиликтүү бюджеттен кеминде 400,0 миң сом акча каражатын кароо

2024-жылдын 1кварталы

Айыл өкмөтү, айылык кеңеш

63

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кооптуу участкаларга көчөттөрдү отургузуу

2024-жылдын 1-кварталы

Демөөрчүлөр, жергиликтүү калк

Турак жай,комуналдык чарба

64

Кара-Тарык айылындагы Т.Жоробеков атындагы орто мектебинин курулушун баштоо (республикалык бюджеттен)

2024-жыл

Айыл өкмөтү, мектеп жетекчиси

65

Курбу-Таш маданият үйүнүн полун, жылытуу системасын жасоо жана ички мебелдерин алуу жергиликтүү бюджеттен (кошумча каржаттардын негизинде)

2024-жыл

Айыл өкмөтү

66

Киров айылындагы Искен-Нур балдар бакчасына балдар ойноочу аянчанын курулуш бүткөрүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү,бала бакчанын жетекчиси

67

Түз-Бел айылындагы спорт комплекстин курулушунун долбоорун кайра кароо менен, курулушун баштоо

2024-жыл

Айыл өкмөтү

68

Кара-Тарык айылына ФАП куруу иштерин баштоо

2024-жыл

Айыл өкмөтү

Социалдык өнүгүү

69

Жакырчылык деңгээлин кыскартуу максатында жакыр үй-бүлөрдү кризистик абалдан чыгаруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү, жардам көрсөтүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

70

Айыл аймагында кургак учук менен ооруган,мумкунчулугу чектелген жарандарга КРнын Мыйзамдарына ылайык жардамдарды көрсөтүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү

71

Айыл аймагындагы Улгайган адамдардын,Энелер күнүн өткөрүү жана жалгыз бой, кары адамдарга, ооган согушунун ардагерлерине, баткен коогаланынын катышуучуларына, майыптарга социалдык жактан жардамдарды көрсөтүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү

Маданият, спорт тармагы

72

Спортту өнүктүрүү максатында жаш спортчуларга колдоо көрсөтүү жана спортчуларды түрдүү мелдештерге катыштыруу үчүн шарттарды түзүп берүү

2024-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

73

Киров айылында курулуп жаткан спорт залды бүткөрүү жана ишке берүү

2024-жыл

Жергиликтүү жамаат жана демөөрчүлөр

74

Боз-Ала айылына спорттук зал курууга көмөктөшүү жана куруу иштерин колго алуу

2024-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыков