Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы

2023-жылдын 25-декабры №9/4

Тендик айылындагы ФАПтын курулушуна өздүк салымына кошумча акча каражат бөлүү жөнүндө

АРИС тарабынан каржыланып жаткан Тендик айылындагы ФАПтын курулушуна өздүк салым катары бөлүнгөн акча каражатына кошумча 1 515 346 (бир миллион беш жүз он беш мин үч жүз кырк алты) сом бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. АРИС тарабынан каржыланып жаткан Тендик айылындагы ФАПтын курулушуна өздүк салым катары бөлүнгөн акча каражатына кошумча 1 515 346 (бир миллион беш жүз он беш мин үч жүз кырк алты) сом бөлүнсүн.

2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу