Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы

кезектеги 20-сессиясы

 

2024– жылдын 01-февралы № 80

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылга карата

иш-планын бекитүү жөнүндө

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламенитинин 5-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңештин төрайымы Г.Матиева сунуштаган 2024-жылга карата айылдык кеңештин иш-планын карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрайым

 

Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешиин 2024-жылдын 01-февралындагы №80 токтомуна №1-тиркеме

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы

 

№

Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдагы аткарган иштеринин абалы жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын угуу

1-квртал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

2

Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралар планын бекитүү

1-квартал

Айыл өкмөтү

3

Жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу уюштуруу жана турак-үй куруу үчүн жер тилкесине муктаж жарандардын маселелерин кароо

1-2-квартал

Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы

4

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо

2-3 квартал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

5

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо,таза суу,таштанды чыгаруу,жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат,депутаттык күн).

4 айда бир жолу

Туруктуу комиссиялардын торагалары

6

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу

1-2 квартал

Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

7

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө

2-3-квартал

Социалдык маселелр боюнча туруктуу комиссиясы

8

Аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдүн турмуш деңгээлин көтөрүү жана майыптарга, согуш ардагерлерине, тылда кызмат өтөгөндөргө жардам көрсөтүү

дайыма

Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

9

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчет)

Жылына кеминде

бир жолу

Кенештин төрагасынын орун басары, депутаттар

10

Коомдук угууларды уюштуруу

4-квартал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

11

Айылдык кеңешке келип түшкөн арыз, даттануу жана кайрылууларды кароо жана аларга анализ жүргүзүү

дайыма

Регламент жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиясы

12

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдагы кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө

3-4-квартал

Кенештин төрайымы, айыл өкмөтү

13

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 ай ичинде аткарылган жергиликтүү бюджетин кароо

4-квартал

Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

14

Кезексиз сессияларды уюштуруу

Зарыл-дыгына жараша

Кеңештин төрайымы

15

Жыл жыйынтыгы боюнча жигердүү иши менен өзгөчөлөнгөн жана айылдык аймактын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айылдык кеңештин депутаттарын жана жашоочуларды сыйлыкка көрсөтүү

4-квартал

Комиссиянын төрагалар, депутаттар, айыл өкмөттөн сунуштар

16

Жалпак-Таш айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө

Жыл ичинде

Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана жооптуу катчысы

 

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева