ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы
2023-жылдын 25-декабры №9/7
Социалдык дүкөн ачуу үчүн 40 тонналык контейнер алууга бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагына социалдык дүкөн ачуу үчүн 40 тонналык контейнер алууга бюджеттен акча каражатын бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагына социалдык дүкөн ачуу үчүн бир 40 тонналык контейнер алууга 2024-жылдын бюджеттинен сметалык документтерге ылайык акча каражаты каралсын.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |