Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы

2023-жылдын 25-декабры №9/8

Окуучуларды автобус менен ташууга бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө

Айылдардан алыс жашаган балдарды мектепке автобус менен ташууга бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айылдардан алыс жашаган балдарды мектепке автобус менен ташууга бюджеттен кошумча 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүнсүн.

2.  Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу