Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы

2023-жылдын 25-декабры №9/12

Тендик айылындагы Байкабас уулу Дайырбек көчөсүнө акча каражат бөлүү жөнүндө

Тендик айылындагы Байкабас уулу Дайырбек көчөсүнүн күн батыш тарабынын жарыктандыруу иштери толук бүтпөй калгандыктан 20,0 (жыйырма мин) сом бөлүү туралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Тендик айылындагы Байкабас уулу Дайырбек көчөсүнүн жарыктандыруу иштерине 20,0 (жыйырма мин) сом бөлүнсүн.

2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу