АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы
2024– жылдын 19-январы № 86
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат- сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын тургундарынын 21- декабрь, 2023-жылдагы жыйынынын протоколун угуп талкуулап
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүшүнө жана өлкөбүздүн билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн, Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылында туулуп өскөн филология илиминин доктору Сыдыкова Толганай Көчкөнбаевнага Ак-Жар айылынын тургундарынын 21- декабрь, 2023- жылдагы “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
2. “Сыдыкова Толганай Көчкөнбаевна Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.
3. Ак-Жар айылында туулуп өскөн Сыдыкова Толганай Көчкөнбаевнага Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |