Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы

 

2024– жылдын 19-январы № 87

 

Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө

     Ак-Жар айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат- сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын тургундарынын 25- декабрь, 2023-жылдагы жыйынынын протоколун угуп талкуулап

                                                    

Токтом кылат

 

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн, Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну Султанов Авазбек Омоновичке Большевик айылынын тургундарынын 21- декабрь, 2023- жылдагы “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.

2. “Султанов Авазбек Омонович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.

3. Большевик айылынын тургуну Султанов Авазбек Омоновичке Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.

4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Турдали уулу К.