АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы
2024– жылдын 19-январы № 89
Ак- Жар айылындагы Ат майданга наам берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы 2024-жылдын 18- январындагы жалпы элдик чогулушунун протоколун талкуулап
Токтом кылат
1. Ак- Жар айылынын жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде Ак-Жар айылындагы Ат майдан “Ак- Жар- Ат майданы” деп аталууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |