Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы

 

2024– жылдын 19-январы № 92

 

“Большевик айылындагы“Айзирек Нуру балдар бакчасынын жетекчиси А. Абдукаримованын сунушу жөнүндө”

Ак-Жар айылдык кеңеши Боьшевик айылында жайгашкан “Айзирек Нуру” балдар бакчасынын жетекчиси А. Абдукаримованын инвестиция тартуу менен аталган бала бакчага жыйындар залын ( актовый зал) куруу сунушун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Боьшевик айылында жайгашкан “Айзирек Нуру” балдар бакчасынын бош жаткан аянтына инвестиция тартып, жыйындар залын (актовый зал) курууга макулдук берилсин.

 

2 Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин

 

3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Турдали уулу К.