Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы

 

2024– жылдын 19-январы № 92а

 

“Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын Ак- Тилек участкасына бала-бакча курууга жер тилкесин берүүгө

макулдук берүү жөнүндө”

  Ак-Жар айылдык кеңеши Большевик айылынын Ак- Тилек участкасына бала-бакча куруу суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын Ак- Тилек участкасына 75 оорундуу бала-бакча курууга 0,25 га жер тилкесин бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Максутовго сунушталсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Турдали уулу К.