АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы
2024– жылдын 19-январы № 94
Айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жашоочуларга шарт түзүү долбоорун колдоо жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы, 2023- жылдын 25- декабрында болуп өткөн элдик жыйындагы С. Ниязалиев жана Мала уулу Сатыбалды атындагы ички көчөлөрдү асфальттоо сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы С. Ниязалиев жана Мала уулу Сатыбалды атындагы ички көчөлөрдү талапка ылайык асфальттоо боюнча Ош облустук жана Өзгөн райондук өнүктүрүү фондторуна долбоор жазып конкурска катышууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |