Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XII сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели №12/1

Бириктирилген Чолпон айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө

 

Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чолпон айыл аймагынын административдик чек арасынын, схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагына Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылын кошуп, Чолпон айылын административдик борбор деп аныктоо менен Чолпон айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

2. Бириктирилген Чолпон айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

3. Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Жумалы уулу Адил